1991
1987 · 1988 · 1989 · 1990 — 1991 — 1992 · 1993 · 1994 · 1995 |
1970-чу · 1980-чу — 1990-чу — 2000-чу · 2010-чу |
XIX кылым — XX кылым — XXI кылым |
1991 (бир миң тогуз жүз токсон биринчи) жыл - биздин замандын 1991-жылы, 2-миңжылдыктын 991, ХХ кылымдын 91, ХХ кылымдын 10-онжылдыгынын 1 жана 1990-жылдардын 2-жылы болуп эсептелет (ислам календары боюнча 1411—1412).
Негизги окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул жыл "Кансыз согуштун" бүткөн жылы деп эсептелинет, СССРдин таркашы жана анын негизинде 15 жаңы көз каранды мамлекеттердин пайда болушу, Югославиянын бөлүнүшү жана анын ичиндеги мурунку өлкөлөр ортосундагы согуштук иш-аракеттер, АКШ башында турган 34 өлкөдөн түзүлгөн эл аралык коалиция БУУнун көмөгү астында 1990-жылы Кувейтти баып алган Иракка каршы согушу менен тарыхта калды.
Январь
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Февраль
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Март
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Апрель
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Май
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Июнь
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Июль
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Август
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сентябрь
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Октябрь
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ноябрь
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Декабрь
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1991-жыл жана Кыргызстан
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1991-жылы Кыргызстандын тарыхында эң маанилүү окуя болду, 31-август күнү «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнундө» Декларация кабыл алынып Кыргыз Республикасы коз карандысыз, эгемендуу демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Коз каранды эместиктин шартында 1991-жылы 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республиканын Президенти болуп шайланган.
Эгемендүү Кыргыз Республикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Президентти шайлоо жана «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнундө» Декларация
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31-августта “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20-октябрда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25-декабрда М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.
Төрөлгөндөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өлгөндор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 25 январь - Иззатуллаев, Азизулло Султонович - Өзбекстандын зор мамлекеттик жана коомдук ишмери, Ташкент облусу Янгиюль району аткаруу комитетинын төрагасынын орун басары (1962-1983 жылдары), Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери[1].
.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Центразия Персоны. Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 8 -декабрь (бештин айы) 2015.