Мазмунга өтүү

Латындар

Википедия дан

Латындар (лат. Latini) – Байыркы Италиянын индиевропа тегиндеги италик уруулары. Биздин заманга чейин 2-миң жылдыктын башында Апеннин жарым аралынын аймактарына лигурлар көчүп келип, Борбордук Италия аймактарын (Тибр жана Лирис (азыркы Лири) дарыясынын ортосу) ээлеп, Лаций (азыркы Лацио) аймагын мекендеген. 19–20- кылымдагы окумуштуулардын (Л. Пигорини, Италия; В. Гельбиг, Германия) пикири боюнча латындар – Альп тоолору аркылуу түндүктөн келген коло жана эрте темир археологиялык маданиятына таандык уруулар. Орус окумуштуусу В. И. Модестов латындардын ата-бабалары Террамар маданиятын түзгөн деп эсептесе, 20-кылымда италиялык окумуштуу М. Паллотино италиктер менен катар Адриатика аркылуу Италияга акырындап журт которгон чакан-чакан топтор болгон деп далилдеген. Ошондой эле Лациядагы Альбан дөбөлөрү, Лавиния жана башка аймактарда байыркы көрүстөндөр, археологиялык табылгалар латындардын дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенип, уруу-уруу болуп жашаганын, алгачкы коомдук түзүлүштүн ыдыроо белгилери байкала баштаганын, алар жер-сууга, жаныбарларга сыйынып, магиялык үрп-адаттарды колдонушканын көрсөтөт. Биздин заманга чейин 6–5-кылымда латындардын түндүк тобу этрусктар менен бирге Римге каршы күрөшкөн. Латындар 2-Латын согушунан (биздин заманга чейин 340–338) кийин жоюлган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
pFad - Phonifier reborn

Pfad - The Proxy pFad of © 2024 Garber Painting. All rights reserved.

Note: This service is not intended for secure transactions such as banking, social media, email, or purchasing. Use at your own risk. We assume no liability whatsoever for broken pages.


Alternative Proxies:

Alternative Proxy

pFad Proxy

pFad v3 Proxy

pFad v4 Proxy